КСДПнын депутаттары Текебаев боюнча депутаттык комиссия түзүүгө каршы чыгышты

Жогорку Кеңештин 1-марттагы жыйынында Анвар Артыков, Рыскелди Момбеков өңдүү депутаттар Өмүрбек Текебаевдин кармалышы боюнча депутаттык комиссия түзүүгө каршы чыгышты. Артыков депутаттык комиссия түзүү тергөөгө басым жасоо болорун айтса, Момбеков "ата мекенчи" башка депутат Аида Салянова боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия иштебеген бойдон келе жатканын билдирип, Текебаевдин окуясын башка комиссиялардын ишине кошууну сунуштады. Бүгүн саат 11де парламентке Башкы прокурор Индира Жолдубаева, УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев келип маалымат берет. Комиссия түзүү маселеси түшкө маал чечилет.

Эскерте кетсек, "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевге 25-февралда Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. Депутат "коррупция", "алдамчылык" беренелери боюнча күнөөлөнүүдө. Орусиялык ишкер "Текебаев 2010-жылы менден 1 миллион доллар алган" деп көрсөтмө берген. Европадан Бишкекке Стамбул аркылуу учуп келген Текебаев 26-февралда "Манас" аэропортунан УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалып, 27-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан