Жогорку Кеңештин 1-марттагы жыйынында депутат Исхак Масалиев кесиптеши Өмүрбек Текебаевдин кармалышы боюнча кызыктырган суроолорун берди.
"Текебаев Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон, ал жооптуу кызматкер деп эсептелеби? Дагы бир суроо: бир эле адамдын жазган арызы кылмыш ишин козгоого негиз болууга жетиштүүбү? - деди Масалиев. Башкы прокурор Индира Жолдубаева Убактылуу өкмөтү бар орган экенин, анын декреттери бар экенин, Текебаев жооптуу кызматкер деп эсептелерин белгиледи. Кылмыш ишин козгоого бир эмес, бир нече адамдын көрсөтмөсү негиз болгонун кошумчалады.
"Мен көптөн бери депутатмын, көптү көргөм. Мындай билдирүүлөрдү күч түзүмдөрүнүн башчыларынан 2005 жана 2010-жылдары да уккам. Баары далилденген, баары бар, бирок аягында тескери болуп чыгат. Силерден тергөөнү калыс жүргүзүүнү суранам. Башкалар каалаган нерсени аткарып, кимдир бирөөгө кызмат кылбагыла", - деди Масалиев.