Жогорку Кеңештин төрагасы депутаттар менен кайым айтышты

Жогорку Кеңештин жыйынында Өмүрбек Текебаевдин камалышы талкууга алынып жатат. Депутаттардын суроолоруна башкы прокурор Индира Жолдубаев менен УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев жооп берүүдө.

Жыйында депутат Наталья Никитенко УКМКнын төрагасына кайрылып: "Абдил Сегизбаев, сиз азыр ээлеген кызматыңызды билесизби?" - деди. Бул учурда спикер Абдил Сегизбаевге процедуралык суроо болсо беришин айтты.

Никитенконун "Суроом, УКМКнын төрагасына тиешелүү. Кайсы кесипти ээлериңизди айтыңызчы" дегенине Чыныбай Турсунбеков: "Сиз мага үйрөтпөңүз. Бул жерде депутаттардын берген суроолоруна жооп берип жатпайбы? Жооп берсе таарынасыңар анан" - деди. Депутат Мурадыл Мадеминов спикерди регламентти сактоого чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан