Орусиялык ишкер Леонид Маевский депутат Өмүрбек Текебаевдин үстүнөн 2017-жылдын 21-февралында арыз жазды. Бул тууралуу 1-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев билдирди. Депутаттар "Текебаевдин 1 миллион доллар алганын көрдүм деген экс-депутат Өмүрбек Абдрахманов да ошол акчанын бир бөлүгүн алганы далилденсе, ага кылмыш иши ачылышы мүмкүнбү?" - деп сурашты.
УКМК башчысы: "Азырынча биз Абдрахманов акча алган эмес деген ишеничтебиз. Абдрахманов 1 миллион доллар алуу боюнча сүйлөшүүгө катышканын гана айтууда. Анын "Текебаев 1 миллион долларды алганын көргөм" дегенин уга элекмин", - деди.