"Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев тарапташтарына кайрылуу жасады. Депутат өзүнүн ак экенине ишенерин, чындык баары бир жеңерин билдирди. Өзүнө саясий жалаа жабылып жатканын белгилеген депутат колдоп чыккан тарапташтарына ыраазычылык айтты.
Эскерте кетсек, "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевге 25-февралда Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. Депутат "коррупция", "алдамчылык" беренелери боюнча күнөөлөнүүдө. Орусиялык ишкер "Текебаев 2010-жылы менден 1 миллион доллар алган" деп көрсөтмө берген. Европадан Бишкекке Стамбул аркылуу учуп келген Текебаев 26-февралда "Манас" аэропортунан УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалып, 27-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынган.