Депутат Исхак Масалиев: "Индира Жолдубаева дагы, Абдил Сегизбаев дагы профессионал адистер эмес"

Бүгүн Парламенттин жыйынында Башкы прокурор Индира Жолдубаева жана УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев депутаттардын суроолоруна жооп беришүүдө. Бүгүнкү жыйында депутаттар аталган чиновниктерге камактагы Өмүрбек Текебаевге байланышкан суроолорду узатышууда.

Жыйында депутат Исхак Масалиев: "Индира Жолдубаева дагы, Абдил Сегизбаев дагы профессионал адистер эмес. Бирөө дагы бир кылмыш ишин козгоп, тергеп, сотко жеткизген эмес. Экөөндө тең академиялык гана түшүнүктөр. Ошондуктан жооптору бири-бирине дал келбей жатат. Эмнени сурамак элек?" - деген пикирин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан