Алмамбет Шыкмаматов: "Бирөөнүн көрсөтмөсү менен камай берсек, өлкөдө киши калбай калат"

"Эгерде бирөөнүн көрсөтмөсү менен адамды коррупционер деп камай берсек, өлкөдө киши калбай калат", - деп билдирди Жогорку Кеңештин 1-марттагы жыйынында "Ата Мекендин" депутаты Алмамбет Шыкмаматов. Депутат мыйзам тегиз иштебей жатканын баса белгиледи.

"Тагылып жаткан айыптарда айтылып жатат: Маевский деген акчаны Модин дегенге бериптир, Модин дагы бирөөгө берсе, ал киши Текебаевге алып келип бериптир. Алып келип берген киши бүгүн каза болуп калыптыр. Эми ушуну менен Текебаев пара алган деп эсептелип калабы. Эгерде мыйзам иштесе, Маевский да бүгүн камакта отурушу керек эле", - деди Шыкмаматов.

Эскерте кетсек, "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевге 25-февралда Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. Депутат "коррупция", "алдамчылык" беренелери боюнча күнөөлөнүүдө. Орусиялык ишкер "Текебаев 2010-жылы менден 1 миллион доллар алган" деп көрсөтмө берген. Европадан Бишкекке Стамбул аркылуу учуп келген Текебаев 26-февралда "Манас" аэропортунан УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалып, 27-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан