Алмамбет Шыкмаматов: "Бийлик куру көрсөтмөнүн негизинде Текебаевди камакка алуу менен эл аралык келишимди бузуп жатат"

Бүгүн Парламенттин жыйынында Башкы прокурор Индира Жолдубаева жана УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев депутаттардын суроолоруна жооп беришүүдө. Бүгүнкү жыйында депутаттар аталган чиновниктерге камактагы Өмүрбек Текебаевге байланышкан суроолорду узатышууда.

Трибунага сөз сүйлөөгө чыккан "Ата Мекен" фракциясынын лидеринин милдетин аткаруучу, депутат Алмамбет Шыкмаматов: "Бүгүн жалпы Кыргызстан коомчулугунун алдында чоң диллема турат, кимге ишенебиз, Текебаевди актагандаргабы же күнөөлөгөндөргөбү деген. Текебаев 25 жылдан бери Кыргыз Республикасындагы демократияга, сөз эркиндигине, парламентаризмге жан уруп иштеп келген.

Пара берүү же коррупцияны иликтөө боюнча биздин мамлекет эрежелер жазылган мыйзамга кол койгон, биз мүчөбүз ага. Бирдиктүү эрежелерде коррупция боюнча кылмыш ишин козгоордон мурун далил буюмдар, бармак издери, акчанын өзү же акча алуу, берүү процессин жазып калган видеожазуу болуш керек. Ал жерде бирөөнүн далилсиз берген көрсөтмөсүнөн улам гана кылмыш ишин козгой берсе болот деген эреже жок. Муну менен биздин бийлик эл аралык келишимди бузуп жатат. Буга чейин Текебаевге канча ирет "Ормон опуза" болуп келди. Бул окуяны дагы бир кезектеги "матрёшка-гейт" же "белизгейт" деп ойлоп жатабыз. Убакыт өтөт, баары далилденет", - деген оюн билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан