Алмазбек Атамбаев парламентке "тарап кеткиле" деди

"Парламентти таратууну колдойм", - деди 6-мартта президент Алмазбек Атамбаев. Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруу функциясынан четтеп, ушак чыгарууга ыктаганын айткан президент буларды айтты:

"Кулаган Боингде Атамбаевдин алтын, каухарлары болгон, Кипрде байлыгы бар, Атамбаевдин аялынын эсебинде акча 2011-жылдан кийин эле пайда болгон деген ушактар парламент трибунасынан айтылып жатат. Мен да депутат болгом, Масалиев өӊдүү депутаттар менен бирге иштешкем, бирок мындай ушактар айтылчу эмес. Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруучу органдан ушак чыгарган органга айланып баратат.

Депутаттар андай чындыкты билгиси келсе эки айдан бери чуу салбай Гонконгго же Стамбулга барып келишпейби? Венага, Америкага барганга убакыт бар, чындыкты издегенге убакыт жок. Билетке акчасы жок дейин десеӊ, депутаттардын арасында миллиардерлер бар. Атамбаев чындыктан коркпойт. Кипрге да билет алып берейин, ал жакта Атамбаевдин акчасы болсо, депутаттар, бөлүп алгыла. Жакында Жогорку Кеңеште Бакыт Төрөбаев "парламент тарап кетели" деген сунуш айтты. Ал го мародёр акесине болушуп күйүп айтты. Бирок мен анын сунушун колдойт элем. "Карга карганын көзүн чукубайт" деген сөз бар. Эл бузарларды, мародёрлорду тайраӊдатып, балыктай болуп карап отурганча, чын эле депутат Төрөбаевди колдоп тарап эле кетпейсиңерби? Же болбосо мыйзамды сыйлап, өлкөнүн тагдырын ойлоп, эл үчүн иштебейсиӊерби?" - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан