"Дагы көп саясатчынын кыӊыр иштери чыгат" деди президент

"Кыӊыр иш кырк жылда билинет" деген сөз бар. Бирок бүгүн кырк эмес, 7 жыл өтпөй чыгып, атүгүл далилдене баштады", - деди президент Алмазбек Атамбаев 6-мартта. Өлкө жетекчиси кылмыштуулуктун бетин ачуу аракеттери мындан ары да улантыларын, дагы бир топ саясатчылардын кыӊыр иштери чыгарын баса белгиледи. Президенттин сөзүнө караганда алдыда ири саясатчылар тузакка илиниши мүмкүн. "Дагы далай лөктөрдүн иштери чыгат", - деди ал.

Президент өлкөдө ушак, жалган маалыматтарды таратууга бейөкмөт уюмдарды айыптады.

Белгилей кетсек, бүгүн мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында бир катар коомдук жана маданий ишмерлерге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан