Кыргыз Республикасынын тынчыбай жатышына 2010-жылкы мародёрлордун кесепети себеп болууда. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев 6-мартта мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясындагы иш-чарада билдирди. 2010-жылкы кандуу окуядан айрым саясатчылар миллионерге айланганын айткан Атамбаев буларды белгиледи:
"Апрель революциясынан кийин айрым саясатчылар бийликке жетип алышып, элдин мүлкүн талап-тоноону, мародёрлукту башкарып, кийин кылмыш издерин жашырганы баарыбызга белгилүү. "Туура бийде тууган жок" деген улуу сөздү унутуп, колго тийген бийликти эл үчүн эмес, жеке өздөрүнүн үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгына пайдаланышканын да билебиз. Алар 7-апрелден кийин тез арада чириген бай, миллионер болуп калганы баарыбызга маалым. Ошол паракор, уурулардын кесири тийип өлкөбүз тынчыбай жатат. Өзгөчө алардын кыӊыр иштери ачылып баштагандан бери"...
Атамбаев акыркы айларда Жогорку Кеӊеште депутаттык комиссиялар түзүлүп жатканын мисал келтирип, парламентте ызы-чуу басыла электигин кошумчалады.