Президент Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына келген өкмөт башчылары менен жолугушту

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-мартта Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келген өкмөт башчылар менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ага Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Орусия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев, Казакстан Республикасынын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев, Беларусь Республикасынын премьер-министри Андрей Кобяков жана Армения Республикасынын премьер-министри Карен Карепетян, Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян катышышты.

Мамлекет башчы делегаттарга жыйынды ийгиликтүү өткөрүп алууну каалап, Евразия өкмөттөр аралык жыйын актуалдуу көйгөйлөрдү чечүүдө конструктивдүү ой-пикирлерди алмаша турган аянтча болоруна үмүт кыларын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан