Бүгүн, 7-мартта Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын жыйынтыгында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары интеграциялык биримдиктин алкагында кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюшту. Алар:
1. Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын жогорку кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлерди көрсөтүү;
2. «Антиконтрафакт» эл аралык форуму тууралуу;
3. Евразия экономикалык биримдигиндеги Интеграциялык потенциялга ээ болгон экономика тармактары, аны колдонууга багытталган чаралар жөнүндөгү;
4. 2015-2016-жылдарда Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер ортосундагы өз ара соода жүгүртүүнүн абалы жөнүндөгү;
5. Евразиялык экономикалык биримдигинин 2025-жылга чейинки технологиялык күн тартибинин негизги багыттарын ишке ашырууга карата даярдыктар боюнча иштин жүрүшү тууралуу;
6. Соода жүгүртүүнүн жыйынтыктары жөнүндөгү сүйлөшүүлөр;
7. Евразия экономикалык жогорку кеңешинин 2014-жылдын 29-майындагы №72 чечимин ишке ашыруу жөнүндө;
8. Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин 2016-2017-жылдары айыл чарба продукциялары жана азык-түлүктүн негизги түрлөрү боюнча суроо талабы жана сунуштары боюнча агро өнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн биргелешкен болжолу жөнүндөгү;
9. Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин үчүнчү өлкөлөргө анологдук өндүрүшү, айыл чарбасы үчүн машина жана жабдыктарын уюштуруу жөнүндөгү;
10. Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин үчүнчү өлкөлөрдүн рыногуна анологдук өндүрүшү, айыл чарбасы үчүн машина жана жабдыктарды экспорттоону өнүктүрүү боюнча иш-чаралар тууралуу документтерге кол коюлду.