Депутат: "Террордук уюмдардын тизмесин мамлекеттик басылмаларга жарыялап туруу керек"

Кечээ, 7-мартта парламенте эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору 2-окууда жактырылды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиевдин айтымында, мыйзам долбоорунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети мамлекеттик басылмаларга мезгил-мезгили менен террордук деп таанылган уюмдардын тизмесин жарыялап туруусу керектиги белгиленген.

Демилгечи бул уюмдар тууралуу өсүп келе жаткан муун билиши керек экенин айтты. Мындай аракет менен жаш муундун ар кандай радикалдык топторго болгон кызыкчылыгын азайтууга боло турганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан