Бүгүн, 8-мартта Бишкек шаарында аялдардын укугун сактоого чакырган акция өттү. Анын катышуучулары алгач Ак үйдүн алдына чогулушуп, бир нече талаптарын айтышты. Андан соң жөө жүрүш менен Курманжан датканын эстелигинен өтүп, Аянтты кыдырып, Уркуя Салиеванын эстелигинин жанына барышты. Катышуучулардын айтымында, алардын арасында жеке ишкерлер, журналисттер, сүрөтчүлөр, юристтер басымдуулук кылышат. Иш-чаранын башкы максаты аялдардын укуктарынынын сакталышына коомчулуктун көңүлүн буруу.
"Бүгүн биз досторубуз менен аялдардын эркиндигин, укугун колдоо үчүн чыктык. Биз баарыбыз тең укуктуу болуп төрөлгөнбүз, эркектер менен аялдар бири-бирибиз менен бирдей укукта жашай алабыз. Эркиндиктин баалуулугун билип, түшүнүп, сүйүү менен жашасак болот. Акыркы күндөрү аялзатына болгон мамиле начарлады. Баарыбыз биригип аял өзүнүн укугун сотто коргой ала тургандай шарт түзүшүбүз керек. Эгер аял киши окуянын курмандыгы болуп, сотто өзүн коргой албаса, бул өтө жаман көрүнүш. Жалгыз эле аялдар эмес, кичинекей кыздардын да укугу бузулуп жатат. Алар унчукпай тура бербей, биригишип, өз укуктарын коргошу керек", - деди сүрөтчү Наристе Алиева.
Ошондой эле катышуучулар зордукка кабылган аялдар жана кыздар сотко кайрылышына өлкөдөгү бюрократиялык систем, ар кандай туура эмес түшүнүктөр, каражаттын тартыштыгы жолтоо болуп жатканын билдирип, жабыркаган аялга коомчулук тарабынан туура эмес мамиле кылынарын баса белгилешти.
"Бюрократиялык системи, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин "зордуктап салса, өзү каалаган" же ала качып кетсе, "салт ушундай" деген тариздеги ойлору, жабыркаган тараптын сотко кайрылуусуна жолтоо болууда. Бизге аялдардын укугун бузган салттардын эмне кереги бар?" - деп кошумчалады сүрөтчү.
Акцияга жалгыз эмес, кызы менен чыккан Гүлайым Айылчы бүгүнкү иш-чарага кызынын келечеги үчүн катышып жатканын айтат:
"Бул иш-чара менен биз 8-Март гүлдөрдүн, таттуулардын күнү эмес экенин, дал ушул күнү аялдар өз укугун коргоп чыгышканын эскертели дегенбиз. Аялдар эркектердикиндей укукту канча жыл мурун гана алышкан. Аны менен билим алууга, иштегенге мүмкүнчүлүк жаралган. Эми бул укуктарды кайрадан азайтууну каалап жатышкандай. Келечекте, мисалы, менин кызым азыркыдай укуктарга ээ боло албай калышы мүмкүн. Биз ага каршы болушубуз керек.
Зордукка кабылган аялдардын 10дой пайызы гана сотко кайрылат. Алардын азы сотто каралып, кылмышкер жазасын алат. Ошол гана маалымат коомчулукка жарыяланат, ал чоң айсбергдин чокусу гана экенин билишибиз керек. Айылдарда, аймактарда канчалаган зордукка кабылган аялдар унчукпай кала беришет. Алар унчукпай калганы менен, жакындары да зордукка кабылышы мүмкүн экенин эске алышса", - деген оюн айтты Г.Айылчы.
Акциянын катышуучулары зордукка кабылып, укуктары бузулган аялдарды окуяларын айтып чыгууга, "феминизм" түшүнүгүнөн коркпоого чакырышты. Ошону менен бирге ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген аялдарга дарылоонун жеткиликтүү болушун талап кылышты.