Бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынын жаңы депутаты Канат Керезбеков ант берди. Ал өз сөзүндө: "Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоого өз милдеттеримди бүткүл элдин кызыкчылыгында аткарууга ант берем", - деди.
Эске салсак, 3-мартта Канат Керезбековго мандат тапшырылды. Ал депутат Тилектеш Исаевдин ордуна келди. Исаев өз каалоосу менен мандатын тапшырган.