ЖЫЛНААМА, 9-МАРТ: Саясий ишмер Адахан Мадумаров 52 жашка толду

Саясий ишмер, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров 52 жашка толду. Ал 1965-жылы 9-мартта Өзгөн районундагы Куршаб айылында жарык дүйнөгө келген. Орусиядагы Тверь мамлекеттик университетинин мамлекеттин тарыхы факультетин жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн. Адахан Мадумаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 4 жолку чакырылышынын депутаты болгон. 2005-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри, 2006-2007-жылдары КРнын мамлекеттик катчысы, 2007-2008-жылдары ЖКнын төрагасы, 2008-2009-жылдары КРнын Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп эмгектенген. Ал эми 2013-жылы 30-августта Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысынын орун басары болуп дайындалган. 2010 жана 2015-жылдары партиясы менен парламенттик шайлоого катышып, бирок мандат алган эмес. Белгилей кетсек, А.Мадумаров 2017-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышат.

9-мартка карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан