"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Башкы прокуратурага ММКлар менен кылдаттык мамиле менен иштешүүнү сунуштады.
"Заноза жана Азаттык сайттарына Башкы прокуратура арызы менен кайрылды. Ал жерде сайттар бир адамдын сөзүн алып жарыя кылып жатышат. Ошонун негизинде сотко кайрылып жатат. Туура, президенттин аброюн Башкы прокуратура карайт. Аны туура көрөбүз. Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү бул өзүнчө күч. Коорупцияга каршы күрөшүү боюнча, тартипке чакыра турган орган болуп калды. Кайсы бир депутат жумушка келбесе, "келбей койду" деп бизди тартипке салып жатат. Түз жүргөнгө, этикага чакырып жатат. Бирок ММК өкүлдөрүнө этият мамиле кылгыла", - деди Төрөбаев.
Мындан тышкары, ал журналисттерди фактынын негизинде иштөөгө чакырды. Ал эми башкы прокурордун биринчи орун басары Кылычбек Токтогулов бул сунушту эске ала турганын билдирди.
"Биз журналисттерди сыйлайбыз. Бизде ММК менен иштеше турган атайын бир бөлүм түзүлдү", - деди ал.