Депутат шайлоочуларга айыл өкмөт башчыларын түз шайлоонун артыкчылыктарын түшүндүрүп берди

Бүгүн, 10-мартта "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев Талас облусунун Кара-Буура районунда жергиликтүү тургундар жана район активи менен жолугушту. Иш-чарага жаңы шайланган айыл өкмөт башчыларынын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары катышты.

Кенжебек Бокоев өзү демилгелеп, парламентте кабыл алынган “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамынын маңызы жана “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо” жөнүндөгү мыйзам долбоорунун максаты боюнча жолугушуунун катышуучуларына учкай маалымат берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө эл өкүлү айыл өкмөт башчыларын түз шайлоонун артыкчылыктарын түшүндүрүп берди. Ошону менен катар жергиликтүү башкаруу органдарынын ишин ыгы жок текшерүүлөрдү жөнгө салуу боюнча бир катар укуктук-ченемдик актылар кабыл алынып, ишке аша баштагандыгын кошумчалады.

Мындан сырткары, жергиликтүү элдин айыл өкмөт башчысын түз шайлоо боюнча пикирлерин угуп, алардын айрымдары эске алынарын айтып, түз шайлоо өткөрүү менен жетише турган ийгиликтерге токтолду.

Ошондой эле эл өкүлү жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн түйшөлткөн маселелердин чечилишине көмөк көрсөтө тургандыгын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан