"Ата Мекен" партиясынын президент Алмазбек Атамбаевдин айткандары боюнча доо арызы 23-мартта каралат. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди.
Анын айтымында, доо арызды Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту карайт.
Эске салсак, 6-март күнү өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземине катышкан. Анда өлкө башчы сөз сүйлөп жатып, парламенттеги айрым партияларга бир катар сындарды айткан.
"Ата Мекен" партиясы Алмазбек Атамбаевдин "сасык партия", "мародёр" дегенин партияга карата айтылды деп, муну кемсинтүү жана мазактоо катары кабыл алган. Өлкө башчысынын айткан сөздөрүн төгүндөөсүн талап кылып, сотко кайрылган.