Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Коргоо кеӊешинин аталышын кайрадан тактоого багытталган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Бул тууралуу 14-мартта Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Демилгечи депутаттар Иса Өмүркулов, Төрөбай Зулпукаров, Өмүрбек Бабанов, Мирлан Жээнчороев, Болотбек Ибраимжанов, Бактыбек Сыдыков, Алмаз Баатырбеков, Тынчтык Конушбаев, Алмазбек Токторов, Азизбек Турсунбаев.
Маалыматка караганда демилгечилер эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен, Коргоо кеӊешинин аталышын кайра тактап, аны мурдагыдай эле Коопсуздук кеӊешине алмаштыруу зарылдыгы келип чыкканын, ал үчүн коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилип жатканын айтышууда.
Мындан сырткары ушундай эле максатта иштелип чыккан "Согуштук абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору да үчүнчү окууда жактырылды.