Закир Тиленов Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысынын орун басары кызматынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Бул тууралуу 15-мартта президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Закир Тиленов 1962-жылы 3-майда Ош облусунда туулган. 2014-жылы 13-мартта Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысынын орун басары кызматына келген. Ага чейин Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчиси болгон.