Президент Алмазбек Атамбаев 15-мартта 5 өлкөнүн элчилеринен Ишеним грамотасын кабыл алуу иш-чарасында айрым журналисттерди "Кыргыздын кызыкчылыгын коргобойт" деп сындады.
"Жамандын үйүн коногу бийлейт" деген сөз бар, кыргызда. Ою жаман конокторго, эл бузарларга өзүбүздүн үйүбүздү, мекенибизди тебелетпейли. Элдин, өлкөнүн намысын коргосок. Бабакулов, Карыбеков, Маслова, Идиновдордун ою башка! Карабеков өзү бир жолу теледен: "Я что, баткенский, что-ли?" деп айтты эле. Булар "баткенский" да, "киргизский" да эмес. Булардын чөнтөгүнөн экинчи паспорт чыгып калса таң калбайм. Булар Кыргыз мамлекетинде айла жок жашап жатышат, анткени башка жерде булардын кереги жок. Өз жерин жамандап жан багышат. Кыргыз эли "баткенский" Исхак Раззаков, "баткенский" Абсамат Масалиев, "баткенский" Эгемберди Эрматов менен сыймыктанат!" - деди Атамбаев.