Парламентте кыргыз-казак чек арасынан өтөрдө толтурулган миграциялык карточка жоюлары айтылды

Казакстандын чек арасына өтүү үчүн толтурулган миграциялык карточка алынат. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду.

Жыйында “Астана шаарында 2016-жылдын 17-октябрында кол коюлган 2012-жылдын 11-майындагы Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Казакстандын өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору 2-окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

"Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Экмат Байбакпаев өкмөт өкүлдөрүнөн миграциялык карточка тууралуу сурады. Өкмөт өкүлдөрү бул мыйзам күчүнө кирсе миграциялык карточка жоюла турганын айтты.

Мындан тышкары протоколго ылайык, Кыргыз жана казак жарандары эки өлкөгө барганда 30 күнгө чейин турган жеринде катталуу милдетинен бошотулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан