Депутат Кенжебек Бокоев "салык кызматкерлеринин айлыгы аз" дейт

Парламентте 16-мартта "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев салык кызматкерлеринин айлыгы аз экенин айтты.

"Салык кызматына өлкө бюджетин толтуруу милдети жүктөлгөнүнө карабастан, башка мамлекеттик органдардын мекемелерине салыштырмалуу салык кызматкерлеринин айлык акысы аз. Орто эсеп менен 5-6 миӊ сом өлчөмүндө маяна алышат. Биз аларды өзүбүз коррупциялык жолго түртүп жатабыз. Алар 5-6 миӊ сом маянасы менен өз үй-бүлөсүн кантип багышат? Башка мекемелер менен салыштырып көргүлө. Мисалы, Бажы кызматында иштегендер 2-3 эсе көп маяна алышат", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан