"Ата Мекен" Текебаевдин баш коргоо чарасы боюнча Жогорку Сотко кайрылат

"Ата Мекен" партиясы депутат Өмүрбек Текебаевдин баш коргоо чарасы боюнча жакында Жогорку Сотко кайрылат. Бул тууралуу 16-мартта SUPER.KG порталына партиянын юристи Таалайгүл Токтакунова билдирди. Кайсы күнү кайрылары так чечиле элек.

"Муну Өмүрбек Чиркешович өзү чечет да. Эгерде арызды бүгүн бергиле десе, бүгүн берүүгө даярбыз. Даттануу 22-марттан кийин болушу мүмкүн. Азырынча арыз бериле элек", - деди Токтакунова.

Эскерте кетсек, "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевге 25-февралда Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. Депутат "коррупция", "алдамчылык" беренелери боюнча күнөөлөнүүдө. Орусиялык ишкер "Текебаев 2010-жылы менден 1 миллион доллар алган" деп көрсөтмө берген. Европадан Бишкекке Стамбул аркылуу учуп келген Текебаев 26-февралда "Манас" аэропортунан УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалып, 27-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынган.

9-мартта Текебаевдин баш коргоо чарасын Бишкек шаардык соту карап, аны 2 айга камакка алуу боюнча Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан