Бүгүн, 16-мартта “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянова "Мегаком" компаниясы боюнча ар кандай эсептөө жүрүп жатканын айтты.
“Мегакомдун" 100 пайызы сатыкка коюлду. Мамлекеттик мүлк фонду билдиргендей, июнда аукцион өтөт экен. Коюлуп жаткан баасы 13,5 миллиард сом. Ошондо 194 миллион доллар болот. 2016-жылдан баштап бизди чоң каралоо компаниясы жүрдү. Бүгүнкү күнгө чейин токтоло элек. “Ата Мекен” фракциясынын 3 депутаты Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянованын "Мегакомдо" кызыкчылыгы бар деген чоң жалаа жабылган. Ошондо бийликке жакын массалык маалымат каражаттары аркылуу көптөгөн сюжеттер даярдалып, күнүнө бир нече жолу көрсөтүлдү. Ал жерде ар бир депутаттын 7 пайыздан кызыкчылыгы бар деп айтылган. Ошондо үчөөбүздүкү 22 пайыз болот экен. Үч депутаттын акчасын кошкондо 72 миллион доллар болмок. Баарын эсептегенде 644 миллион доллар болот экен. Сатыкка келгенде башка сумма коюлуп жатат. Демек, бул дагы бир жолу бийликтин жалаа компаниясынан кабар берет. Жалаа жапканда кайсы сумма болсо да айта берсе болот экен. Ал эми сатыкка 3 эсе арзан баада коюлуп жатат", - дейт Салянова.