Бөкөнбай Казаков Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Бөкөнбай Казаков 1972-жылы 1-апрелде Бишкек шаарында төрөлгөн. Буга чейин УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси болгон.