Депутаттар 22-23-март күндөрү шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүшөт

Депутаттар 22-23-март күндөрү өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүшөт. Мындай чечим бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында кабыл алынды.

Буга каршы чыккан спикердин орун басары Алтынай Өмүрбекова: “Биз жакында эле февраль айында шайлоочулар менен жолуктук. Шаршемби, бейшемби күндөрү иштейли. Күн тартибинде көп маселелер каралган”, - деди.

Жыйынтыгында көпчүлүк депутаттар шайлоочулар менен жолугуу сунушту колдоду.

Эске салсак, 20-24-февралда депуттар өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жолуккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан