Бир катар аскер сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулду

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев аскер сотторунун судьяларынын кызмат орундарында ыйгарым укуктарды жүргүзүүнүн токтотулушу жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда жергиликтүү соттордун төмөнкү судьялары үчүн аскер сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү 2017- жылдын 1-мартынан баштап токтотулду:

Кыргыз Республикасынын Аскер сотунун судьялары:

- Эркин Жунусов;

- Жолдошбек Сулайманов ;

Бишкек гарнизонунун Аскер сотунун судьялары:

- Алмаз Карабеков ;

- Марлен Тентимишов ;

Ош гарнизонунун Аскер сотунун судьялары:

- Таалайбек Кабылбеков ;

- Эрлан Сүйөркулов. Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан