Мурунку депутат Садыр Жапаров президенттик жарышка катышарын 20-мартта Заноза сайтына берген маегинде билдирди. Жапаров азыркы учурда Казакстанда Кыргыз мигранттары менен жолугушуу өткөрүп жүргөнүн, 25-мартта Кыргыз мамлекетине кайтып келерин ырастады. Социалдык түйүндөр аркылуу элден колдоо сезип жатканын, андыктан президенттик жарышка катышып күч сынай турганын айтат экс-депутат.
Буга чейин Жапаровго УКМКдан чакыруу келгени белгилүү. Ал Кыргыз жерине келери менен УКМКга суракка барарын айтып, күч органдары камакка алып коюшу мүмкүн экенин белгиледи.
P.S. Президенттик шайлоого катышарын билдирген Садыр Жапаров SUPER.KG порталында жүрүп жаткан сурамжылоонун тизмесине кошулду.