Түркмөнстандын президентинин уулу парламенттик комитетти башкармай болду

Түркмөнстандын президентинин уулу Сердар Бердымухаммедов парламенттеги укуктук маселелер боюнча комитетти башкармай болду. Өткөн жылдын ноябрь айында парламентке депутат болуп келген. 2016-жылдын июль айында Тышкы иштер министрлигинде маалымат департаментин жетектеген. Бул тууралуу 22-мартта түркмөн басылмалары жазып чыгышты.

Гурбангулы Бердымухаммедов 2006-жылы өлкөнүн мурунку президенти Сапармурат Ниязов каза болгондон кийин бийликке келген. Түркмөнстандын президентинин уулунан сырткары 3 кызы бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан