Бишкекте Кыргыз жериндеги лидер аялдардын ролу талкууланды

Бишкектеги Саясий укуктук изилдөө борборунда бүгүн, 23-мартта Кыргыз жериндеги лидер аялдардын ролу талкууланды. Ага эксперттер Анара Ниязова, Анар Мусабаева, Медет Төлөгөновдор катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө медиа эксперт Азамат Тынаев чоң саясатка аралашууда акча роль ойноорун белгилеп, аялдардын саясатка киришүүсүнө лифт боло алчу башка каналдар тууралуу суроо салды.

Анара Ниязова лидер аялдарга суроо-талап болмоюнча, аларды саясатка аралаштыруу боюнча эффективдүү механизмди ойлоп табуу кыйынга турарын айтты.

Ал эми Анар Мусабаева кыргыз аялдары замандын талабына жараша кимден үлгү алышты билбейт деп билдирди.

"Биз мисал катары Курманжан датканы айтып келебиз. Учурда ийгиликке жеткен аялдардын бир модели жок, башкача айтканда, азыр жаштар кайсы лидер аялдан үлгү алууну билишпейт. Ошондуктан башка мамлекеттерди карашат. Лидерликти бир системге киргизүүдөн биз аябай алыспыз. Азыркы тапта Азия өлкөлөрүндө дагы тенденция өзгөрүп жатат. Токионун мэри болуп аял шайланды. Импичментке чейин Түштүк Кореяны аял президент башкарган. Бирок Чыгыш өлкөлөрүндө, мисалы, Арабияда мамлекетти аял башкарсын деген сөз жок. Көп нерсе өзгөрүп кетиши мүмкүн. Бизде кыздарды жаштайынан коомго аралаштыруу деген нерсе жок. Дин басымдуулук кылып жатат. Динде аял киши үйдө отурушу керек деп айтышат эмеспи", - деди Мусабаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан