Аида Касымалиева: "Парламентте миграция, жаштар саясаты, ата-энесиз калган балдар маселесине басым жасайм"

Жогорку Кеңештин жаңы депутаты Аида Касымалиева парламентте кайсы маселелерди көтөрөрүн 23-мартта SUPER.KG порталына айтып берди.

"Журналист катары буга чейин көп темаларды жазып келгем. Парламентте аялдардын укуктары, экология, миграция, жаштар саясаты, ата-энесиз калган балдар маселесине басым жасайм. Социалдык маселелер... Аткарылбас иштерди айтып, ооз көптүрүп убада бербейм", - деди Касымалиева.

Эскерте кетсек, Аида Касымалиева бүгүн депутаттык мандат алды. Ал парламенттин мурунку депутаты Узарбек Жылкыбаевдин ордуна барды. Жылкыбаев жакында Ысык-Көл облусунун башчысы болуп дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан