29-мартта Жогорку сот Өмүрбек Текебаевдин баш коргоо чарасын карайт

Жогорку сот депутат Өмүрбек Текебаевдин баш коргоо чарасы боюнча даттануу арызын 29-мартта карайт. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта SUPER.KG порталына партиянын катчылыгынан билдиришти. Маалым болгондой, сот болгон күнү Текебаевдин тарапташтары Жогорку Соттун имаратынын алдында митинг уюштурушу мүмкүн.

Буга чейин 9-мартта Бишкек шаардык соту Өмүрбек Текебаевдин баш коргоо чарасын карап, Биринчи Май райондук сотунун эки айга камакка алуу чечимин өз күчүндө калтырган.

Эске салсак, 25-февралда Башкы прокуратура Өмүрбек Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Кылмыш иштин ачылышына орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин билдирүүсү себеп болгону айтылган. Л.Маевский 2010-жылы "Альфа Телекомду" башкаруу укугуна ээ болуу үчүн ошол учурдагы убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары, учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевге 1 миллион доллар бергенин билдирген.

26-февралда таңкы саат 3тө Ө.Текебаев Венада ЕККУнун парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынына катышып Кыргыз жерине Стамбул аркылуу учуп келген. Ал учактан түшөрү менен УКМКнын кызматкерлери депутатты кармап кетишкен.

Ошол эле күнү камакка алынган депутаттын тарапташтары УКМКнын алдына чогулушкан. Алар Ө.Текебаевди үй камагына бошотуу талабын коюшкан. Бул күнү митингге 1000ге чукул жаран катышкан. Депутатты коргоо боюнча Бириккен күчтөрдүн штабы түзүлгөн.

27-февралда Текебаевдин баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камакка алуу чечими чыгарылган.

28-февралда Текебаевдин тарапташтары УКМКнын алдында митинг өткөрүшкөн. Анын жүрүшүндө Алмамбет Шыкмаматов митингдер жумасына 2-3 жолу өтүп турарын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан