2016-жылы мамлекеттик органдар сынактын негизинде 43 миллиард 520 миӊ сомго ар кандай сатып алууларды жүргүзүшкөн. Мындай маалымат Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин бүгүн, 27-мартта Каржы министрлигинде өткөн көчмө жыйынынын жүрүшүндө белгилүү болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин башчысы Улан Даникеев азыркы учурда бардык мамлекеттик органдар менен жергиликтүү башкаруу органдарына 1 миллион сомго чейинки сатып алууларды, сынаксыз эле жүргүзүүгө уруксат берүү чаралары иштелип чыкканын айтты. Андан сырткары ал мамлекеттик органдар менен жергиликтүү башкаруу органдары өз бюджетинин 3 пайыз өлчөмүндөгү каражатка да сынаксыз сатып алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлө турганын кошумчалады.
Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин башчысы ушундай чаралардан улам, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамга айрым өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгып, парламенттин кароосуна киргизилгенин кошумчалады. Анын айтымында, мыйзамга «атайын тартип», «улуттук режим», «демпингдик баа» деген сындуу бир катар жаӊы түшүнүктөр киргизилүүдө. Анткени улуттук мыйзамды Евразия экономикалык бирлигинин курамына кирген өлкөлөрдүн мыйзамдарына шайкеш келтирүү милдети турат.
Талкуунун жыйынтыгында «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» КРнын мыйзамына өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды.