Бүгүн, 27-мартта парламентте Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында депуттар КТРК коомдук канал болбой жатканын айтышты.
“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Садык Шер-Нияз аталган канал бир тараптуу каралоо иштерин жүргүзүп жатканын билдирди.
“Өткөндө менин Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөгөн сөзүмдү кыркып, “Садык Шер-Нияз адамга өлүм каалап жатат” деген маалымат таратылды. Ошондо маданиятта чогуу жүргөн Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн бири дагы “Садык Шер-Ниязды билебиз, мынтип айтпашы керек эле” деп айтышкан жок. Мейли бирөөнү жамандасын, бирок экинчи тарапка да сөз бериш керек. Элдин салыгынан каражат таап жаткандан кийин эки тараптуу болуусу зарыл”, - деди ал.
Жыйындын жүрүшүндө КСДП фракциясынын депутаты Гүлкан Молдобекова 10-апрелде коомдук биринчи канал отчёт бере турганын эскертти.
“Суроолорубузду ошондо берели. Азыр Байкоочу кеңештин курамын карап жатабыз”, - деди.
Эркин депутат Жанар Акаев: “КТРК калыстыктан тайса, маалыматты бир тараптуу берсе, кимиңер мындай болбойт деп айта аласыңар?” - деп талапкерлерге суроо берди.
Ал учурда бардык талапкерлер колдорун көтөрүштү.
“Канал 120 адамга же 1 адамга кызмат кылбашы керек. Элдин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылууга милдеттүү”, - деди ал.
Жыйынтыгында КТРКнын байкоочу кеңешине мүчөлүккө президент тарабынан сунушталган 10, Жогорку Кеңештен 5, жарандык коомчулуктан 11 талапкер парламенттин кароосуна жөнөтүлдү.