Депутаттар өзгөчө баалуу дарак токойлорун коргоо үчүн киргизилген мораторийдин мөөнөтүн узартууну айтышты

Бүгүн, 28-мартта Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Өзгөчө баалуу дарактардын түрлөрүн кыюуга, ташууга, сатып алууга, сатууга даярдоого, пайдаланууга, экспорттоого жана импорттоого тыюу салуу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору талкууга алынды.

Демилгечи депутаттардын бири “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Рада Түмөнбаеванын айтымында, өзгөчө баалуу дарактарды кыюуга каршы 2007-жылы киргизилген мораторийдин мөөнөтү ушул жылдын февраль айында бүткөн. “Мораторийди дагы узартуу аркылуу жаӊгак жана арча токойлорун сактоо менен гана чектелбестен, аянтын чоӊойтууга шарт түзүлөт”, - деди ал.

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү белгилегендей, мораторийге чейинки 2006-жылы 540 жаӊгак уюлун мыйзамсыз пайдаланган факты катталса, бүгүнкү күндө баалуу дарактарды кыйган учурлар өтө азайган. Андан тышкары мораторийдин алкагында өзгөчө баалуу дарак токойлорунун көлөмү 30 пайызга көбөйгөн.

Комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун колдоо менен, мораторийдин мөөнөтүн 2050-жылга чейин узартуу сунушун беришти. “Бир бол” фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров кыргыз жаӊгагы үчүн дүйнөлүк соода уюмунан атайын код алуу зарылчылыгын белгилеп, Экономика министрлигин маселени тезирээк чечүү менен, жаӊгактарды мыйзамдуу экспорттоо ишин колго алууга чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан