"Акыркы окуяларга саясий баа берүү керек", - деп бүгүн, 29-мартта Жогорку Кеңеште "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова билдирди.
"18-мартта жөө жүрүш болду, бийлик менен алдын ала акылдашканга карабай Кыргыз жарандары камалды. Мыйзам бузууларды өзүм көрдүм. 4 күн мурун болгон митингде дагы мыйзам бузуу болду. Мен Садыр Жапаровду жактабайм, күнөөлүү болсо жооп берсин. Бирок аны колдоп келген тарапташтарына жасалган мамиледе бийликтин аша чапкандыгы туура эмес. Жаш кыздарга, балдарга, карыларга болгон мамилеси зөөкүрчүлүк. Бүгүн саясий окуяларга баа бербесек, качан беребиз?" - деди Салянова.
Ошол эле учурда КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев жөө жүрүштүн катышуучулары жолго чыгып мыйзам бузганын айтты. "Ал жерде мурун эксперт болуп келген жарандар жүрөт. Элге калп маалыматты тараткандар", - деди ал.