Парламентте тамекиге карата акциздик салыкты жогорулатуу сунушталды

Бүгүн, 29-марттагы парламент жыйынында тамеки заттарына карата акциздик салык коюмун көтөрүүгө багытталган мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Демилгечилердин айтымында, акциз коюмун жогорулатуу – жаңыдан тамеки чегүүчүлөрдүн санын азайтуунун, анын алдын алуунун дагы бир жолу болуп саналат.

"Акциз наркынын көтөрүлүшү тамеки баасынын кымбатташына алып келет. 2018-2019-жылдары 1 куту тамекинин баасы жыл сайын 5 сомго жогорулап турат. 2020-жылы акциздик коюм 1750 сомго жетип, бюджетке болжол менен 8 млрд сомго чейин кошумча каражат түшүүсү күтүлөт" деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан