"Ата Мекендин" үч депутаты Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова 28-мартта УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев менен Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөновду сотко берген. Доо арыз "Мегаком" окуясынын алкагында берилди.
Бул аракетке Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов комментарий берди.
"Мындай аракет "Ата Мекендин" депутаттары өтө кабатырланып жатканынан кабар берет. Алардын доо арызына кезектеги "гремучая змея" катары карайм. "Ата Мекендин" юристтери мындай тажрыйбага ээ. "Ата Мекендин" депутаттарынын активдешүүсү укук коргоо органдары алар аралашкан коррупциялык иштердин бетин ача баштаганына байланыштуу. Жакында коомчулук алардын мурунку иштери тууралуу көптөгөн кызыктарды билет деп ишенем. Алар баарынан мурун ушундан коркушат", - деди Үсөнов.
Үсөнов муну социалдык түйүндөгү жеке баракчасына жазды.
Айта кетсек, 2016-жылдын 14-ноябрында президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алган. Анда Белиз мамлекетинин расмий органдарынан апостиль алынганын билдирген. УКМКнын башчысынын билдиришинче, ал документтер 2012-жылы жогорку кызматта турган 3 адам "Мегакомдун" акцияларын сатуудан түшөт делген 50 миллион доллардан ашык акчаны оффшордук компанияга чыгарууга кызыкдар болгонун күбөлөндүрөт. Документте депутаттар Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянованын аттары аталган. Ал эми "ата мекенчилер" бул документтердин жасалма экенин айтып, Белизден келген айрым документтерди жарыялашкан.
"Ата Мекендин" депутаттары соттон Сегизбаев менен Үсөновдун мүлктөрүн камакка алып, айтылган маалыматтарды төгүндөөнү сурап жатышат. Текебаев моралдык чыгым үчүн 60 миллион сом өндүрүүнү көздөөдө. Шыкмаматов менен Салянова моралдык чыгым үчүн компенсация сурашкан жок.