Жогорку сот: "Өмүрбек Текебаевге карата сот материалы кыскартылды"

Бүгүн, 29-мартта Жогорку сотто Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Чынара Жакупбекованын даттануусу боюнча материал каралды. Жактоочунун арыздануусунун мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу соттук коллегия көзөмөл өндүрүштү кыскартты. Ошондуктан Текебаевдин баш коргоо чарасынын туура же туура эмес тандалгандыгы боюнча маселени Жогорку сот караган жок. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзамга ылайык, Ө.Текебаевдин жактоочусу Бишкек шаардык сотунун аныктамасы 9-мартта чыккандан тартып 5 сутканын ичинде, 15-мартка чейин Жогорку сотко даттануусу керек эле.

"Бүгүнкү сот процессинде өзү да суроого жооп берип жатып, көзөмөл даттанууну 23-мартта гана тапшыргандыгын айтты. Мындан тышкары бүгүнкү митингде сүйлөгөн А. Шыкмаматовдун: “Жогорку соттогу сот процесси 5 гана мүнөт болду, эч кимге сөз берилген жок, адвокатка, прокурорго” дегени чындыкка дал келбейт. Соттук отурум Жогорку сотто 40 мүнөткө жакын болду. Бардык процессуалдык нормалар сакталган, прокурорго, Текебаевдин жактоочусуна да сөз берилген. Буга соттук протокол жана видеоматериал далил катары бар" деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 25-февралда Башкы прокуратура Өмүрбек Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Кылмыш иштин ачылышына орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин билдирүүсү себеп болгону айтылган. Л.Маевский 2010-жылы "Альфа Телекомду" башкаруу укугуна ээ болуу үчүн ошол учурдагы убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары, учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевге 1 миллион доллар бергенин билдирген.

26-февралда таңкы саат 3тө Ө.Текебаев Венада ЕККУнун парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынына катышып Кыргыз жерине Стамбул аркылуу учуп келген. Ал учактан түшөрү менен УКМКнын кызматкерлери депутатты кармап кетишкен.

Ошол эле күнү камакка алынган депутаттын тарапташтары УКМКнын алдына чогулушкан. Алар Ө.Текебаевди үй камагына бошотуу талабын коюшкан. Бул күнү митингге 1000ге чукул жаран катышкан. Депутатты коргоо боюнча Бириккен күчтөрдүн штабы түзүлгөн.

27-февралда Текебаевдин баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камакка алуу чечими чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан