Каржы министрлиги: Республикалык бюджет февраль айында 2 миллиард 88 миллион сом тартыштык менен аткарылды

Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин расмий сайтына 29-мартта 2017-жылдын февраль айында республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу маалымат жарыяланды.

Ага ылайык, бюджетте 2017-жылдын февраль айында киреше 15 миллиард 539 миллион 348,3 миң сом болгон. Ал эми чыгаша 17 миллиард 627 миллион 519,3 миң сом суммасында болгон. Жыйынтыгында бюджеттин аткарылышында 2 миллиард 88,1 миллион сом суммасында бюджеттен тартыштык чыккан.

"Тартыштыкты жабуу булактары 9 миллиард 418,4 миллион сомду түзөт, алардын ичинен ички каражаттар – 6 миллиард 583,7 миллион сом жана тышкы каражаттар – 2 миллиард 834,7 миллион сом" деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан