Чыңгыз Кубатбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басарлыгынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка 29-мартта премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Дагы бир жарлыкка ылайык, Урматбек Кокочаров аталган агенттиктин директорунун орун басары кызматына дайындалды.