Өкмөт: “Айыл чарбадагы тейлөөнү жакшыртууга 6 пайыз, өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгына 10 пайыз менен насыялар берилүүдө

Айыл чарбадагы тейлөөнү жакшыртууга 6 пайыз менен өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгына 10 пайыз менен насыялар берилүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мал чарбачылыгын өнүктүрүү, өсүмдүк өстүрүү, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, айыл чарба тармагындагы тейлөөлөрдү жакшыртуу максатында өкмөт тарабынан “Айыл чарбасын каржылоо - 5” долбоорун бекитүү тууралуу 2017-жылдын 3-февралында №58 токтом кабыл алынган.

“Өкмөт республикалык бюджеттен 2017-жылы коммерциялык банктар жана финансы-кредиттик мекемелердин жеңилдетилген пайыздык көрсөткүчтөр менен берген насыя чыгымдарын субсидиялаштырууга 700 миллион сом каралган. Учурда “Айыл чарбасын каржылоо - 5” долбооруна катышкан 5 коммерциялык банк тарабынан 420 миллион сомдук 1 104 насыя берилди. 2017-жылы айыл чарба тармагын колдоо максатында берилген насыянын суммасын 7 миллиард сомго жеткирүү пландалууда. Мындан сырткары приоритеттүү тармактардын бири болгон агро өнөр жай комплексин жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү тармагын колдоого берилген насыянын 44,3 пайыз кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган. Жалпы болуп бул тармакка фонд тарабынан 22,4 миллион АКШ доллардык насыя берилип, логистикалык борборлорду курууга 3,8 миллион АКШ доллар сарпталды”, - деп жазылат маалыматта.

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты Алтынай Өмүрбекова өкмөттө айыл чарба тармагына жеңилдетилген насыяга каражат жок экенин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан