Данияр Мукашев Женевадагы ишинен сырткары Кыргыз мамлекетинин Италиядагы элчиси болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Бул тууралуу 30-мартта президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Д.Мукашев 1974-жылы 31-декабрда туулган. Ал буга чейин Кыргыз Республикасынын Швейцариядагы, Лихтенштейн Княздыгындагы Элчиси, Бириккен Улуттар Уюмундагы жана Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү кызматын аркалап келген.