Мыйзам бузгандарды кабыл алуу-бөлүштүрүү жайын оңдоп-түзөп же жаап салыш керек. Мындай сунушту бүгүн, 30-мартта парламентте "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова билдирди.
"Акыркы убактарда кабыл алуу-бөлүштүрүү жайы тууралуу көп сөз болуп жатат. Бул мекеменин абалы мыйзамга дагы, эл аралык нормаларга туура келбейт. Бул жакка чоң мамлекеттик кызматкерлер деле басып барбайт. Бул жай боюнча кабарлары жок. Мен 2011-жылы Башкы прокурор болуп туруп, барып, шартын өз көзүм менен көргөм. Негизи ошол кездеги прокуратуранын сунушу азыркы күнгө чейин аткарылбаганы жөнүндө кабар берет. Мына бүгүнкү күнү үйү жоктор дагы ошол жерге киргизилет экен. 10 сутка камаса үйү пайда болуп калбайт да. Же болбосо өздүгүн тактоо үчүн камалат, ал кишини 10 суткага киргизсе маселе чечилбейт. Ал жерге 8 миңден ашык киши киргизилиптир. Өкмөт ушул жайдын абалы тууралуу жана бюджети жөнүндө маалымат берсе. Каражат бөлүнөт экен, бирок кайда жумшалып жатканы көрүнбөйт", - деди Аида Салянова.