Бүгүн, 30-мартта парламентте “Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Анын жүрүшүндө "Бир бол" фракциясынын депутаты Улугбек Ормонов мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Бактыбек Шамкеевден "Мыйзам долбоорунда ипотекалык насыяны жеке менчик мекемелерде иштегендерге берүү каралганбы?" - деп сурады.
Бактыбек Шамкеевдин айтымында, мыйзам долбоорунда бул боюнча жок экенин айтты.
"Азыркы учурда бюджетте иштеген жарандарга берип жатабыз. Кийин ведомство аралык комиссиянын жыйынында жеке менчик мекемелерде иштегендерге дагы ипотекалык насыя берүүнү сунуштайбыз. Уруксат беришсе, аларды дагы кабыл алып баштайбыз", - деди ал.
Депутат: "Мурда мектепте көп жылдар бою иштеп, кийин жеке менчик мектептерге иштеп кеткендерге берилиши керек. Алар деле балдарга билим берген мугалимдер да", - дейт.
Мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.