Жалал-Абад шаардык кеӊеши 30-мартта өзүн-өзү таратуу чечимин кабыл алды. Маалыматка таянсак, шаардык кеӊешти таратуу демилгесине 31 депутаттын 23ү добуш берген. Кабыл алынган чечим эми Борбордук шайлоо комиссиясына жиберилет.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаардык кеӊеши 2016-жылдын 11-декабрында шайланып, ага 5 партия өткөн. Алар КСДП, "Кыргызстан", "Республика-Ата Журт", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Ата Журт" партиялары. Түрдүү себептер менен бүгүнкү күнгө чейин шаардык кеӊештин төрагасын шайлай алышкан жок. Шаардык кеӊештеги фракциялар жыйынга толук келбей, кворумдун жоктугунан жыйын өтпөй келе жаткан.