“Боинг кырсыгы боюнча комиссиянын иши аяктагандан кийин атайын эсепке түшкөн акча бөлүштүрүлөт”, - деди 31-мартта “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Алмазбек Асанов.
Айтымында, бүгүнкү күндө атайын эсепке түшкөн акчанын суммасы 100 миллион 401 миң 490 сом. "2 апта мурун каражат которуу токтотулган. Ал учурда эсепте 96 миллион 532 миң 29 сом бар эле. Жарандар дагы акча которобуз деп кайрылгандан кийин эсеп кайрадан ачылган", - деди Асанов.
"Ата Мекен" фракциясынын лидеринин милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов: “Массалык маалымат каражаттарына атайын эсептен 9 миллион сом жумшалып кетти деп жазылыптыр, канчалык деңгээлде чын?” - деп суроо берди.
Министрликтин өкүлү: "Эсептен бир тыйын дагы алынган эмес", - деген жооп узатты.
Фракция жыйынында Боинг кырсыгынан жабыркагандарга жардам берүү маселеси талкууланууда.